Аша чаап кетүү же кырдаалдан пайдалануу каныбызга сиңген сапатпы? Муну айтуума «Востокэлектро» (Чыгыш электр) тармагына Чыныбеков Максат Зарылбекович деген жаш жигит жетекчи болуп келгени негиз болууда. Албетте, жаштардын кызматка келип жатканы жакшы жышаан деңизчи, бирок, ошол жаш кадрдын тажрыйбасы болсо, иштеген жеринде ийгилик жараткан болсо деген логикага таянсак. Же жаштар деп туруп эле баардык жерге иштин көзү эмес, көөдөнүн да билбеген мадыра баштарды олтургуза коюп, алардын колу менен баардыгын ойрондой беребизби? Айтайын дегеним, тилекке каршы Максат Чыныбековдун жетекчилик тажрыйбасы аз экендиги өкүндүрөт. Кадр саясатында калпыстык кетиргенибиз туура эмес. Жаштарды адегенде орун басарлык же тармактык жетекчиликке алып барып, анан «кадр даярдоо» саясатынын нугу менен жетекчи кылсак неге болбосун?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ