Тажикстандагы күйүүчү май ташуу менен алектенген ири компаниялардын биринин ээси Исломжон Рустамов COVID-19 инфекциясынан Москвадагы Склифосовский атындагы ооруканада каза болду. Бул тууралуу 25-майда анын уулу Додохон Рустамов билдирди.
Анын айтымында, атасы 24-майда көз жумган. Ушу тапта сөөгүн мекенине алып кетүү боюнча иштер жүрүүдө.
Тажикстандагы «Газойл» компаниясынын башчысы Исломжон Рустамов май айынын башында коронавирус жуктуруп алган. Алгач бир канча күн үйүндө дарыланып, абалы начарлагандыктан Хожент шаарындагы клиникалардын бирине жаткырылган. Айдын ортосунда достору уюштурган атайын каттам менен Москвадагы Склифосовский атындагы ооруканага жеткирилген.
Күйүүчү май ташуу менен алектенген «Газойл» компаниясы Тажикстандын Согди облусундагы 13 май куюу жайына ээлик кылат. Өлкөнүн Монополияга каршы күрөшүү мекемесинин маалыматына караганда, компаниянын Тажикстандын суюлтулган газ базарындагы үлүшү 7% түзөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ