“Садыр Жапаров уктап жатканда эле жанында болбосо, калган убакытта көлөкөдөй жүргөн Арзыбек Бурканов деген аферист, канча адамды алдаган бир эргул жүрөт. Менин таңгалганым, Садыр байке аны меним советнигим деп айтканын өзүм уктум. Ушул кантип болсун? Ушул сыяктуу туура эмес көрүнүштөр бар болуп жатат” – деп билдирди жапаровчу Мелис Аспеков Facebook социалдык тармагындагы баракчасына.
“Бүгүн дагы аэропорттон Бакыт Сыдыков кетпейт экенин билдим. Мындай болсо, жеке мен башкача ойлонуп баштадым. Биз бир өзгөрүү болсун, люстрация болсун деп революцияны кылганбыз. Люстрация эмес, люстра болуп жатпайбы. Бул жазган үчүн байкеден бүгүн сөз угам, балким келтек жеймин, бирок мен чындыкты айтканга көнүп калгам. Ушул экөөнү кетирбесек, анда аятка чыгып, боз үй тигип ачкачылык жарыя кылам” – деп жазды ал.
Белгилей кетсек, күн мурун да Садыр Жапаровдун тарапкери Бакай Кашкарбаев Жапаровдун кадр саясатына эл нааразы болуп жатканын, элдин үнүн укпай калганын айтып, кайрылуу жасаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ