Menu

Феликс Кулов: “Садыр Жапаров кызматтан кеткенден кийин президенттин м.а. ыйгарым укуктары кайра спикерге кайтып келиши керек”

Бөлүшүү:

“Конституцияга ылайык, учурдагы президент кызматтан кетсе, анда анын ыйгарым укуктары спикерге өтөт, кандайдыр бир себептерден улам аны аткаруу мүмкүн болбосо, анда ыйгарым укуктар премьер-министрге же премьер-министрдин милдетин аткаруучуга өткөрүлүп берилет” – деп билдирди Феликс Кулов бүгүн, 31-октябрда өткөн тегерек столдо.

“Садыр Жапаров шайлоого барса, анда ким президенттин милдетин аткарат деген суроо туулат. Айрымдар биринчи вице-премьер-министр болот деп жатышат, бирок биз Баш мыйзамга негизделишибиз керек, анда мындай кырдаал (премьер-министр жок) каралган эмес”, – деди Кулов.

Анын айтымында, президенттин милдетин аткаруучу болуп биринчи вице-премьер-министр дайындалса, туура эмес болот.

“Ошондуктан, ыйгарым укуктар парламенттин төрагасына кайра өткөрүлүп берилиши керек. Эгерде күтүлбөгөн жерден спикер Канат Исаев президенттик шайлоого барууну кааласа, ал кызматынан кетип, парламент жаңы спикерди шайлайт”, – деди Кулов.

Ошондой эле ал Новиков эмне үчүн президенттин милдетин аткара албай тургандыгын түшүндүрдү.

“Конституцияга ылайык, 35 жаштан 70 жашка чейинки адам президент боло алат, ал эми Новиков 34 жашта. Ошондой эле кыргыз тилин билүү маселеси бар, бул жерде дагы көйгөй жаралууда”, – деди Кулов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: