Бүгүн, 5-майда Ысык-Көл облусунда COVID-19 диагнозу менен ооруканада жаткан акыркы бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу маалымат облустук ыкчам штабдын отурумунда айтылды.
Алардын айтымы боюнча, ал бейтап Балыкчы шаарындагы ооруканада дарыланып жаткан.
Белгиленгендей, Ысык-Көл облусунда жалпысынан 10 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталган. Алардын ичине кичи ажылыктан келген адамдар, оорулуулар менен байланышта болгон адамдар жана эмгек мигранттары кирет. Буга чейин ооруга чалдыккан 9 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. Бүгүн онунчу бейтап айыгып чыгарылды, эми облуста коронавируска чалдыккан адам жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ