“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылмай болуп жатышат.
Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда судья Айбек Эрнис уулу Текебаевге да, Чотоновго да 8 жылдан чегерилген өкүмүн угузган.
Юристтердин айтымында, экөөнүн тең жаза мөөнөтү мунапыс боюнча үчтөн бирге кыскарат. Тергөө абагында алдын ала өтөгөн жаза мөөнөтү эки күндөн эсептелет. Ошентип алардын кыскарган жаза мөөнөтү 4,5 жылды түзөт.
Булак: “NEXT TV Kyrgyzstan“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ