Menu

Кара-Балта шаарында сабалган “Биримдик” партиясынын штаб башчысы Арсен Байсариев милицияга арыз жазуудан баш тартты

Бөлүшүү:

Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Арсен Байсариев сабалганы боюнча милицияга арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматтарга ылайык, 26-сентябрда Бишкек шаарындагы ооруканадан денесинен жаракат алган бейтап тууралуу милицияга билдирүү келип түшкөн. Укук коргоо кызматкерлери Кара-Балта шаарынын 31 жаштагы тургуну Арсен Байсариев сабалгандыгын аныкташкан.  Ал ички иштер органдарына арыз жазуудан баш тартты. Бирок, факты КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, милиция кызматкерлери бир катар тергөө жана ыкчам иш-чараларын жүргүзүшөт.

Белгилей кетсек, 25-сентябрдан 26-сентябрга караган түнү Ковровщиков кварталынын аймагында белгисиз адамдар Байсариевди сабап кетишкен. Анын жаагы сынып, ооруканага түшкөн.

Байсариев Арсен Русланович 2018-жылдын 28-январында өткөн кезексиз шайлоодо Кара-Балта шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. Билим берүү, жаштар иштери, маданият, спорт жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү. Айрым маалыматтарга караганда, шайлоого катышып жаткан “Биримдик” саясий партиясынын шаардык штабын жетектейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: