Menu

“Ата-эне баланын өз өмүрүн кыюсуна жол бербөө үчүн алардын сезимдери менен эсептешүүлөрү керек”

Бөлүшүү:

Нарын облусунун Кочкор райондук хатибияты Кочкор районунун Ак-Талаа айылынын А.Абдыкеримов атындагы жана Орток айылынын А.Жалпатеков атындагы орто мектептеринде «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата мектеп окуучулар арасындагы  кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу максатында окуучулардын ата-энелери менен жыйын өткөрдү. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга Кочкор районунун баш имам-хатиби Жеңишбек Арзымкожоев жана Кочкор райондук ИИБнин ЖӨИ инспекциясынын кызматкерлери катышып, ата-энелерге кылмыштуулуктун, суициддин жана рекетчиликтин алдын алуу боюнча бир катар маалыматтарды айтышып, анын алдын алууда ата-энелер балдар менен иштөөсү, алардын коомдук иштердеги активдүүлүгү жана айлана-чөйрөдөн алып жаткан маалыматтары боюнча иш алып баруусу керек экендигин айтылды.

“Ата-эне балнын өз өмүрүн кыюсуна жол бербөө үчүн алардын сезимдери менен эсептешүүлөрү керек”,-деди Жеңишбек Арзымкожоев.

Муну менен катар Кочкор районунун баш имам-хатиби  ата-энелер балдарга  кылмыштын зыяндуулугун түшүндүрүп, аларга ар дайым көңүл бөлүүсү зарыл экендинин, ал эми түнт балдар болсо алардын оюн угууга аракет кылып, алардын сезимдерин түшүнүү керек экендигин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: