Бүгүн, 8-апрель күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Жалал-Абад облусундагы жугуштуу оорулар ооруканасы жабылбагандыгын, Ош облустук балдар ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү дезинфекция үчүн убактылуу жабылгандыгын билдирди.
“Медициналык кызматкерлер таавирусун жуктуруп алганына байланыштуу Ош шаарындагы балдар жугуштуу оорулар ооруканасы дезинфекция үчүн убактылуу жабылган” – деп айтылат маалыматта.
“Бейтап балдардын бардыгы Ош облустар аралык балдар ооруканасына которулат. Ошондой эле, Кара-Суу балдар ооруканасы кошумча балдар үчүн жугуштуу оорулар ооруканасы болуп кайрадан түзүлөт” – деп кошумчалайт министрлик.
Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн кызматкерлеринин ооруп калышына байланыштуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясынын кызматтык иликтөөсү жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, бүгүн эрте менен Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн брифингде Жалал-Абаддагы жугуштуу оорулар ооруканасынын бардык кызматкерлери таажывирусун жуктуруп алгандыктан оорукана жабылганын билдирген. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Сабиржан Абдикаримов облустардын аталышын жаңылып айтып алган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ