Ош облусунун Ноокат районунда бир адам кетмендин изинен каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өз булактарына таянып жазып чыгышты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя 30-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында Н.Исанов аймагынын Чеч-Дөбө айылында катталган.
Анда 1989-жылы туулган жергиликтүү тургун өз атасын кетмен менен башка урган. Атасы кетменден алган жаракатынан улам көз жумду.
Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады. Алар кийинчерээк окуя боюнча кененирээк маалымат берүүнү убада кылышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ