Menu

Бектурсун Байсабаев, профессор: Ичи тарыгандар Азиз Суракматовго каршы чыгышты

Бөлүшүү:

– Агай, ЖМКларда «Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов тил сынагы учурунда жазуудан бир топ ката кетирди, шар окуу жагынан да аксайт экен. Бирок, тил боюнча комиссия анын каталарына көз жумуп коюшту» деген дооматтар айтылууда. Ошол комиссиянын төрагасы катары сиз буга эмне дейсиз?

– Жумурткадан кыр издебеш керек да. Сайттын балдары тартып отурушту. Эч кимге жолтоо кылган жокпуз. «Шаар» деген сөз бир жерде «шар» болуп калыптыр. Калганынын баарын шаар деп эле жазган. Тилчилер деле өзүң билесиң, аны ката катары эсептебейт. Жумурткадан кыр издесе «ката» деп койсо болот. Анан жанагы эл аралык дегенде ичкертүү белгисин коюп кетиптир. Аны да көрсөттүк, «ушу ката» деп. Ал жерде комиссиянын чечими чыкты, баары катышып отурган. Ар бирөөнөн сурадык, «билет, же билбейт» деп… Комментарий болбойт да. Өзүнүн жобосу боюнча ошондой. Комиссия мүчөлөрү «билет» дешти. Ушул жерде бир кемчилик бар. Сынак он мүнөттөн ашык болбош керек экен. Убакыт бир аз чектелип калды да. Өзү орус тилдүү экен, бирок, жаза алат. Көркөм окуусу деле жайында. Анан таптаза эле бизге окшоп… Биз деле талашып атпайбызбы «бул жерге үтүр коёбуз, бул жерге сызыкча коёбуз» депчи. Ошон үчүн мен ал жерден да айттым, «ай, туура түшүнгүлө, биз филолог тандаган жокпуз» деп. Мэр эл кайрылса, алардын арызын окуй билип, түшүнүп, ага жооп бериш керек. Азиз Суракматов жооп бере алат. Комиссиянын курамын өзүңөр көрдүңөр, өмүр бою балдар менен иштеген, эмгек сиңирген мугалим Нуркалый Абдесов жана төрт доктор отурду. Жети кишинин ичинен өткөн жылкы президенттик шайлоодогу тил сынагына катышкандары бар экен. Региондорун да эске алышыптыр. Анан «жарабайт» деген жөн эле тескери иштегендердин, ичи тарыгандардын сөзү го. Учурунда кыргызча бир сөз билбеген Силаев деле иштебеди беле? Тек бул орун дагы бирөөлөргө керек болуп атса керек. Албетте, ар кимдин өз ою бар дечи… Суракматовду буга чейин комиссия мүчөлөрүнөн бир да киши көрбөптүр, бирөөсү да тааныбайт экен. Ошол жерден көрүштү да. «Ага жагынабыз, өткөрөбүз, же өткөрбөй коёбуз» деген ой болгон жок. Айтор, комиссия өз ишин аткарды. Эми өтөбү, өтпөйбү, аны шаар кеңештин депутаттары чечет.

– Анда шаар башчысы мамлекеттик тилди эл менен сүйлөшө ала турган деңгээлде билсе болот турбайбы?

– Суракматов сүйлөшө алат. Жогоруда айтпадымбы, «кол ийрисине тартып койду» дегендей, ал бирөөбүздүн да таанышыбыз эмес… Согуш жылдарында аскер-деңиз флотунун штаб башчысына киши керек болуп калыптыр да. Анан фронттон келген бирөөнү Сталинге алып киришсе, рапортун аябай жакшы бериптир. Бирок, «жолдош Сталин, бир кемчилигим бар, бир бутум жок» дептир. Анда Сталин «эчтеке эмес, бул жакта «башы жок» киши иштеп атат» дептир. Анысыңарындай, аларга караганда биздин каарман жарамдуу да, туурабы? Суракматовду деле депутаттар сунуш кылып атышса, мурда кызматташып калышкан экен, ишти билерине ишенип атышса керек…

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: