Menu

Капчыктуулар жеңишке жетишти

Бөлүшүү:

Сыртта эшиктин алдында “бороон-чапкын” болгонуна карабастан мэриянын ичинде кадимкидей шайлоо жүрүп жатты. Кайран депутаттар “тарыхый миссиясын” ийлеп салып беришти. Адыраңдаган, шадыраңдаган эл өкүлдөрү бир адамдай болуп, талапкерди колдоп берүүгө ынтаасын коюшту. Катышкан 44 депутаттын ичинен бирөө каршы болгонуна ичиң жылып кетет экен, арасында чындыкты баалаган адам бар экен деп. Сырттагылардын күйгөнү кыпынга да тең болбогону таң калтырбай койгон жок. Көрсө “мите курттардын” өкүмү карапайым элдикинен күчтүү турбайбы?

Ошентип күтүлгөн сценарий менен коштолгон “оюн-зоок” көрсөтмөсү “ийгиликтер” менен сүрөлдү. Улуу урматтуу Азиз Суракматов мындан ары Бишкектин накта кожоюну болуп депутаттар аркылуу тизгинди колуна чырмады. Өлкөнүн негизги тирөөчү делген элдин шаабайы сууду. Кечинде казан толо эт кайнап, закүскөсүнө казы-карта сугунган депутаттар майланышып, кеч тарашса керек. Анткени майлоо, сыйлоо деген бизде катуу өнүккөн эмеспи? Жаңы шаар башчынын дараметин эми көрөрбүз деп шүк отуралы. Баары бир колунда токочу барлардын ырын ырдабаска айлабыз жок, туурабы?

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: