Menu

Эрлан Абдылдаев түйүнчөгүн түйө берсе болчудай

Бөлүшүү:

Эне тилинде эки ооз кепти эжелеп араң сүйлөгөн ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаевдин тышкы саясатыбызды чеңгелдеп келе жатканына туура бир айдан соң 6 жыл толот. Алты жыл айтууга оңой болгону менен оголе көп убакыт. Бул аралыкта колунан иш келчү адам унчукпастан үйдөй жумуштарды бүтүрүп койсо болот. А биз сөз кылып жаткан «билерман» алты жылда эмне бүтүрдү? Албетте, протоколго ылайык кирди-чыкты күнүмдүк иштерди аппараттагылардын шарапаты менен бүтүрсө бүтүргөндүр. Башка көрүнүктүү иштерин ким санай алат? Бир кездери Сапар Исаковдун арты менен министрликке жеткен «чала кыргыз» кесиптешинин башына иш түшкөндө адилеттүү пикирин айтып чыкканга жарадыбы? Бүгүн жамаат ичинде ич ара интригалар ырбап, өлкөбүздүн тышкы саясаты кедеринен кетип, мунун айынан иш бир калыпта жүрбөй калганы сөз болууда. Кызык, эски бийликтин жасоолу азыркы жаңыларга ишенимдүү кадр болуп бере алабы? Биз азырынча ушул жагын гана тизмектей туралы. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков бул маселени шефи менен кеңешип, маселени бир жаңсыл кылбаса болбойт го? Татыктуу өз пикири жок, «эт менен челдин ортосундагы» мындай кадрлардын кимге кереги бар?

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: