Өлкөдө коомдогу маданияттын деңгээлин жогорулатууга арналган социалдык роликтер тартылат. Маселе Кинематография департаментинде талкууланды.
Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө тартылган мындай роликтер жалпы коомго, анын ичинде балдарга жакшы таасир эте турганын айтты. Ал ата-мекендик режиссерлор идеяны колдойт деген үмүтүн билдирди.
Талкуунун жыйынтыгында социалдык роликтерди тартууга сынак жарыялоо чечими кабыл алынды.
Президенттин жарлыгы менен 2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыяланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ