Menu

Владимир Путин: “СССР республикалары бөлүнүп чыгышканда ири сандагы орус жерлерин таштабай, сүйрөй кетишти”

Бөлүшүү:

Владимир Путин “Россия 1” телеканалынын “Москва. Путин. Кремль” берүүсүндө Советтер Союзу түзүлгөндө ага кирген көптөгөн республикалар “ири сандагы орус жерлерине” ээ болушканын билдирди.

Орусия президенти “бул республикалардын ар бири СССРден чыгып жатып, орус элинен алган белегин сүйрөп кетпей, ташташы керек болчу” деп эсептейт.

Путин кайсы республикалар кайсы жерди алганын так айткан жок. Ал болгону Советтер Союзу түзүлгөндө андан чыгуу укугу жөнүндө келишим түзүлүп, бирок жол-жоболору жазылбай калганын гана белгиледи.

Ошол эле маалда Путин Крымдын Орусияга кошулушу жарым аралдагы калктын демократиялык тандоосу болгонун дагы бир жолу айтты. “Крым дайыма биздики болгон, юридикалык көз караш менен алганда да ушундай”, – деди Орусия башчысы.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: