Menu

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Санкт-Петербург шаарынын губернатору Георгий Полтавченко менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 30-сентябрда, «Жолдордогу коопсуздук жашоонун коопсуздугу үчүн» VI Эл аралык конгрессинин ишинин алкагында Санкт-Петербург шаарынын губернатору Георгий Полтавченко менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан жана Санкт-Петербургдун аймак аралык кызматташуусунун артыкчылыктуу маселелери талкууланды.

Жеңиш Разаков белгилегендей, Россиянын субъектиси менен аймак аралык кызматташууну өнүктүрүүнү активдештирүү маданий-гуманитардык жана эки тараптуу өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн өбөлгө түзөт.

«Көп тараптуу кыргыз-россиялык соода-экономикалык кызматташтык белгилүү өлчөмдө аймактык байланыштар менен аныкталат», — деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Тараптар ошондой эле Кыргызстандын эмгек мигранттарынын маселесин талкуулады. Вице-премьер-министр белгилегендей, «кара тизменин» кыскартылышына карабастан, 2015-жылдын 19-июнундагы Санкт-Петербург макулдашууларын ишке ашыруу натыйжалары боюнча, андагы кыргызстандык жарандардын саны көп бойдон калуда.

Буга байланыштуу ал тараптардын биргелешкен натыйжалуу аракеттерине жана Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги мүчөлүгүнө жараша Россия Федерациясынын аймагында жашап жана иштеп жаткан эмгек мигрантарынын абалы бир кыйла жакшыртылышына ишеним билдирди.

Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министриКашкар Жунушалиев да катышты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: