Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 1-октябрда, Эл аралык карылар күнү алкагында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Нижне-Серафимовка айылындагы карылар жана майыптар үчүн социалдык стационардык мекемеге барды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Өкмөт башчы мекеменин абалы менен таанышып, турак-жай корпустарын көрүп чыкты. Нижне-Серафимовка айылындагы карылар жана майыптар үчүн социалдык стационардык мекемеси 1956-жылы иштеп баштаган, ал 500 орунга ылайыкталган жана республикадагы ири социалдык стационардык мекеме болуп саналат.
Премьер-министр улуу муунга өлкө өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
“Өсүп келе жаткан муун сиздердин эмгегиңиздерди, иш тажрыйбаңыздарды эстен чыгарбоосу тийиш. Ошондо гана көч үзүлбөй, өз жолун уланта берет”, – деди Сооронбай Жээнбеков.
Премьер-министр маалымдагандай, 1-октябрдан тарта пенсияларды жогорулатуу боюнча Өкмөттүн токтомуна кол коюлду. Ал Өкмөт тарабынан пенсионерлерге жана мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга кам көрүү маселесине тийиштүү көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков карыяларга чың ден-соолук, бакубат жашоо жана узак өмүр тилеп, Өкмөттүн атынан баалуу белектерди тапшырды.
Жыйынтыгында Эл аралык карылар күнүнө арналган майрамдык концерт тартууланды.
Иш-чарага Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев жана Өкмөттүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергеновдор катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ