Menu

Араздашкан Азербайжан менен Армения лидерлери Петербургда жолугат

Бөлүшүү:

Орусия президенти Владимир Путин 20-июнда Петербургда Азербайжан жана Армения жетекчилери менен жолугат. Өлкө лидерлери Тоолуу Карабак маселесин талкуулашат.

Президенттин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргендей, жаатташкан эки тарапты бир арага чогултуу менен Орусия ортомчулук милдетти аткарууда. Саргсян менен Алиевдин акыркы жолугушуусу өткөн айда Венада болгон.

Апрелдин башында Еревандын колдоогон жикчилдер менен азери аскерлеринин төрт күндүк каршылашуусунан кийин ок атууну токтотуу режими күчүнө кирген. Баку менен Еревандын ортосундагы маселе жыйырма жылдан ашуун убактан бери чечилбей келет. Армения колдогон жикчилдер 1980-жылдардын соңунда, 1990-жылдардын башындагы согуштан кийин аймакты көз карандысыз деп жарыялап алган. Бул калабада 30 миңден ашуун адам өлгөн. Жаңжалды дипломатиялык жол менен жайгаруу аракети анчалык деле таасирин берген жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: