Menu

Казакстан 100 тоннадан ашык жашылча-жемишти Кыргызстанга кайтарды

Бөлүшүү:

Казакстандын Айыл чарба министрлигинин сайтында кабарлангандай, 21-28-октябрь аралыгында казак жергесине Кыргызстандан товар алып келүүдө мыйзам бузган учурлар ачыкталды. Бир жума ичинде 100 тоннадан ашык жашылча-жемиш, кургатылган азыктар Казакстанга өткөрүлгөн жок.

Маалыматка караганда, үч жолу продукция фитосанитардык сертификатсыз киргизилген, үч ирет зыянкечтер табылган, он учурунда болсо таңгакта маркирлөө жок болуп чыккан.

3-ноябрда Кордай районунда фитосанитардык көзөмөл учурунда Кыргызстандан келе жаткан 20 тонна курманы текшерүүдө зыянкеч табылып, буга байланыштуу артка кайтарылды деп жазылган аталган мекеменин билдирүүсүндө.

8-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигинин дарегине бир катар сын айткан. 10-октябрдан тарта кыргыз-казак чек арасында текшерүү күчөтүлүп, оор жүк ташуучу автоунаалардын 10 чакырымдан ашкан кезеги пайда болду. Бирок Астана бул кадамын Атамбаевдин айтканы менен байланыштырган эмес, алгач Кыргызстандагы президенттик шайлоо, андан кийин Кытайдан келген аткезчиликке каршы күрөш деп түшүндүргөн. Чек ара кызматы билдиргендей, казак тарап бир күндө 100дөн ашык оор жүк ташыган автоунаа өткөрүүдө. Мурун Астана күн сайын 400дөн ашык машине өткөрүп келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: