Бүгүн, 17-сентябрь күнү Тажикстандын Согдий облусунун Гафур районуна караштуу Овчи-Калача конушунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
Чек ара кызматынан: “КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, башкы штабдын башчысы полковник Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара аскерлеринин кол башчысы Раджабали Рахмонали кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абалды талкуулашып, биргеликте иш алып баруу маселесин карашкан”, – деп билдиришти.
Жакынкы сааттарда эки тараптын мамлекеттик орган жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр өтөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ