Menu

Кыргызстанда бензин кымбаттады

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү 2018-жылдын 9 ай ичинде Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баа 9,2%га кымбаттаган. Бул убакыт ичинде бензинге болгон баа орточо эсеп менен  8,4%га, ал эми дизелдик майдын баасы 14,5%га көбөйгөн. Мындай көрсөткүчтөрдү Улуттук статистикалык комитет билдирүүдө.

Эң жогорку кымбаттоо Нарын облусунда байкалган, ал жерде бензин орто эсеп менен 11,8%га, а дизель майы 19,8%га кымбаттаган. Эң төмөн  баа көрсөткүчү болсо Ош облусунда,  дизель майы 8,9%га, бензин болсо 3,5%га жогорулаган.

Бишкектин май куйуучу станцияларында бензиндин А-95 үлгүсүндөгү бензинге болгон баа бул күндөрү 42,8 сомдон 46,2 сомго, А-92 үлгүсүндөгү бензин  40,3сомдон  43,7сомго, А-80 үлгүсүндөгү бензин 35,7 сомдон 41,2 сомго, ал эми дизель майына болгон баа литрине 38,7 сомдон 44,7 сомго кымбаттаган.

Айта кетсек, Кыргызстан айына 100 миң тонна күйүүчү майды башка өлкөлөрдөн импорттойт, анын негизги көлөмүн Орусия менен Казакстандан алат.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: