Menu

Өзбекстанда садака аз чогулткан мечиттер жабылып калышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Кашкадарья облусундагы “Яргунчи” мечитинин кызматкерлери бир миллион сум садака (128 доллар) чогултууга милдеттендирилди.  Диний мекеменин эшигине: “Эгер мечиттин эсебине бир миллион сум садака түшпөсө, ал жабылып калышы мүмкүн”, деген жарыя илинген.

Мечиттин имамы Бурхан Пардаев бул маалыматты тастыктап, жарыя Муфтияттын Кашкадарья облустук башкармалыгынын буйругунун негизинде илингенин айтты. Ал садакка аз түшкөндүктөн кызматкерлер айлык акы албай жатышканын билдирди.

Имам мечит эшигине жарыя илингенден бери садаканын көлөмү көбөйгөнүн белгиледи. “Биздин эсепке миллион сум түшпөсө дагы, элдер кичинеден жардам бере башташты. Мечити жок кыштактардагы мусулмандар жарыяны окугандан кийин 50 миң сумдан чогултуп берүүнү убадалашты”, –деди “Яргунчи” мечитинин имамы.

Бул арада Өзбекстанда мечитке түшкөн акчаларды көзөмөлдөө күчөтүлдү. Имамдардын айтымында, мечиттеги үкөктөр ар жума күнү Салык комитети, ИИМ, Мажбурлап аткартуу бюросунун өкүлдөрүнүн катышуусунда ачылат.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: