«Каракчылык», «опузалоого» айыпталып кылмыш иши козголуп, бирок 4 жылдан бери соттук териштирүү иштери аягына чыкпай, мурдун балта кеспей жүргөн экс-прокурор Канжар Кадыралиев деген бар. Мына ушул эргулдун карындашы экс-депутат Ыргал Кадыралиева агасынын ишине байланыштуу: «Акчабыз, ден соолугубуз кетти. Кыргызстандагы сот – бул аукцион болуп калыптыр» – деп каңырык түтөттү. «Жаман жайын айтам деп баарын айтат» дегендей, бул сөзү менен кылмыш ишинин аягына чыкпай жатышынын сырын ачыптыр. «Акчабыз кетти, сот аукцион болуп калыптыр», – дегени сотторго акча берип жатабыз дегенди туюнтуп жатпайбы. Мына иттин өлүгү кайда жатат. Ыргал айым бул сөзү менен соттордун абийирин ачам деп, өздөрүнүкүн кошо ачыптыр…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ