Menu

Жусупжан Жээнбеков, экс-губернатор: “Бийликтин баардыгы борборлошуп кетти. Ал жерде да толук жоопкерчилик жокко эсе”

Бөлүшүү:

Рубрика төрүнө бул сапар Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду чыгардык. Кесиптештери тарабынан спикердин ишмердүүлүгүнө кескин сындар айтылып, “парламенттин төрагалык даражасына чоң шек жаратты” деген өңдүү пикирлердин күчөшү эмнени түшүндүрөт? Парламенттин депутаттарына алдына иш козголуп, арты сот тарабынан мандатынан ажырап, айрымдары камакка алынышууда. Мындай шартта төрага Жумабеков эл өкүлдөрүнүн таламын талашып, укугун коргой алдыбы? Дегеле анын ишмердүүлүгүн коомчулук өкүлдөрү кандай талдоого алышат? Мындай соболдорубузду эл көзүндөгү инсандарга жолдоп көрдүк.

 — Тез арада “эгерде партиянын тизмесинде башка мамлекеттин жараны катталган жана шайланган болсо, биринчи кезекте ошол партия жооп бериши керек” деген мыйзам кабыл алуу керек. Муну менен чектелбей, беш жылдык мамлекеттин чыгымын (салыктын эсебинен келтирген зыянын) он эсеге көтөрүп казынага төлөтүү зарыл. Ошондой эле андай катмарларга “кийинки шайлоолорго катыша албайт” деген мыйзамга өзгөртүү киргизиш керек. Себеби, башка мамлекеттин агентин кыргыз мамлекетинин эң жогорку бийлигине алып келди го? Тагыраагы, депутаттык тизмеге үлкөн акча менен кошулгандардын бүгүн минтип ишпалдасы чыгып жатат. Эгерде мындан ары катуу чара көрүлбөсө, эмки шайлоолордо (кытай, түрк, араб ж.б.) күйөө балдар, келиндер жана акчасы көп болгон чет элдиктер келишет. Басымдуу жетекчилердин көпчүлүгү бүгүнкү күндө өз пикирлери жоктой сезилет. Баягы эле “шеф, сиз айткандай 2+2= 5 болот” дегендей, жер-жерлердеги өкмөт өкүлдөрү жана өнөр жай, айыл чарба жетекчилеринде жоопкерчилик жана бийлик жокко эсе. Бийликтин баардыгы борборлошуп кетти. Ал жерде да толук жоопкерчилик жокко эсе. Спикер боюнча убагында айткам, “Жогорку Кеңештин төрагасы болгону алып баруучу (тамада)” деп. Бизде парламенттик башкаруу болгондон кийин төраганын мамлекеттин ысык-суугуна аралашканы көрүнбөйт жана сезилбейт. Болгону азыркы спикерге Өмүрбек Бабановго каршы убактылуу бийлик берип койгондой…

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: