Бизнеске аралашкан, акчаны жыттап калгандар мамлекеттик кызматкер болуп жарытпайт. Себеби, алардын көздөгөнү эле “кайсы жерди оюп жесем, мал-мүлкүмдү арбытсам” деген түшүнүктөн ары кете албайт го, туурабы? Албетте, беш кол тең эмес. “Мал аласы сыртында, адам аласы ичинде” дейт. Анын сыңарындай, олигарх Болот Абировдун уулу Жаныбек Абиров Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп отурат. Базар миллионери Мамытбай Салымбековдун эркеталтаң кулуну Жумабек Салымбеков да Бишкек шаардык кеңешинде депутат. “Ата баркы менен кыз өтөт” дегендей, булар аталарынын аркасы, пулу менен ушул даражага келгенин ким танат? Канчалык деңгээлде иштеп атышканын, дегеле мамлекетибизге пайда келтиргенин билесиңерби? Айтор, жүрүп бараткандай эле түр көрсөтүшөт. Ал эми карапайым адамдардын билимдүү балдары кызматка орношо албай, мигрант болуп жүрүшөт. Тилекке каршы, Жараткандын теңсиздиги да болот беле?..
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ