Menu

ИИМ жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кармалышы боюнча билдирет

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам кызматы тарабынан Тергөө кызматына Лейлек районунун Катран жергиликтүү кенешинин төрагасы Бөрүбаев Сапарали Жапарович жана ошол эле жергиликтүү кеңештин депутаты Орозалиев Шайырбек Нишанбаевичтер тергөө иштери боюнча суракка чакырылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында алар күбө катары суралышты, андан сырткары, бир катар тергөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон бир нече адамдар дагы суракка чакырылышкан.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы билдиргендей, суракка алуу тыныгуусу менен 2 сааттай гана созулду.

Сотко чейинки өндүрүш боюнча зарыл болгон бардык тергөө иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын ЖПКнын нормасына ылайык жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: