Бүгүн, 17-сентябрда КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстан президенттери чек ара маселелерин чечүүнү сүйлөшүшкөнүн, мындан тышкары чек ара боюнча билген адистердин барын коюп жатышканын айтты. Жолугушуудан соң сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаңжалды токтотууга аракет кылышарын кошумчалады.
Жергиликтүү тургундардын биринин: “Бетке айткандын заары жок. Кыргыз бийлиги адам өлгөндөн кийин козголот”-деген нааразычылыгына Мухаммедкалый Абылгазиев бул убакытка чейин көптөгөн маселелерди чечип келе жатышкандыктарын, мындай жаңжал чыгып кетерин билбегендиктерин айтты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ