Menu

Мурдагы президент Курманбек Бакиев өлкөдө болуп жаткан окуяларга жүрөгү ооруп жатканын айтты

Бөлүшүү:

Беларуссияда жашаган Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев РИА Новостиге Кыргызстандагы окуялар боюнча комментарий берди.

Анын айтымы боюнча, өлкөдөгү болуп жаткан окуяларга анын жүрөгү ооруп жатат.

“Менин ар кандай сөздөрүмдү деструктивдүү күчтөр жаңжалды козгоо үчүн колдонушу мүмкүн экендигин эске алганда, мен азырынча комментарий берүүдөн алыс болом” – деп жооп берди Бакиев өлкөдөгү саясий кырдаалга баа берүү тууралуу суроого.

Белгилей кетсек, дүйшөмбү күнү Бишкекте Ала-Тоо аянтына 2 миңге жакын адам – ​ парламентке кирбей калган партиялардын тарапкерлери чогулушту. Алар шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышты. Ал күнү кечинде митингди таркатуу аракети көрүлгөндө, митингчилер коопсуздук күчтөрү менен кагылышты. 6-октябрга караган түнү митингчилер Кыргызстандын парламенти жана президенттик администрация жайгашкан Ак үйдүн имаратын басып алышты.

Андан кийин алар УКМКнын имаратына барып, республиканын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди камактан бошотушкан. Ошондой эле, Садыр Жапаров, Сапар Исаковдор да бошотулган. 6-октябрь эрте менен демонстранттар өкмөт үйүн басып алышканы белгилүү болду. Митингчилер ошондой эле Кыргызстандын экс-премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевди да колониядан бошотушту.

КР Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов өзүн Бишкек шаарынын коменданты жана ИИМдин башчысынын милдетин аткаруучу деп атады. Мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп калганын айтып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бирок, кийинчерээк генпрокурордун милдетин аткаруучу болуп Сыймык Жапыкеев тандалган. Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берди. Кийин БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты.

Митингдеги кагылышууларда 686 адам жаракат алып, 19 жаштагы жаш жигит каза болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: