Menu

Фото – Ири суммадагы пара менен эки чиновник кармалды

Бөлүшүү:

Транспорт жана жолдор министрлигиндеги коррупцияны демонтаждоо жана каршы күрөшүүгө багытталган Коопсуздук кеңештин чечимин аткаруунун алкагында, КР УКМК ККК кызматкерлери тарабынан ыкчам тергөө иш-чараларынын журүшүндө Бишкек шаарынан КР Транспорт жана жолдор министринин орун басары «Н.Ж.» жана ошондой эле автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы «Б.А» 10 000 доллар өлчөмүндөгү пара берип жаткан учурунда кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, министрдин орун басары КР УКМК ККК кызматкерлерине мурда сотко чейинки өндүрүшкө фигурант катары катталып, КР транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин кызматкерлеринин кылмыш ишин токтотуу максатында пара берген. Ошол эле күнү, автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы «Б.А» пара берүүгө катыштыгы бар экендиги аныкталып, кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүмү (Пара берүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: