Menu

Кыргызстандыктар Латвиянын университеттеринде акысыз билим ала алат

Бөлүшүү:

Кыргызстандын жарандары Латвиянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн аталган өлкөнүн мамлекеттик стипендиялык программасына катышса болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен басма сөз кызматы билдирет.

Бул: бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары (10-11 ай), илим изилдөө мекемелеринин же жогорку окуу жайларынын кызматкерлери үчүн илимий же илим изилдөө иштерин жүргүзүү, студент жана профессордук-окутуучулар курамы үчүн жайкы мектеп.

Окутуу латыш жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

Документтер 2020-жылдын 1-апрелине чейин кабыл алынат.

Стипендиялык программанын шарттары, талаптары жана башка жагдайлары боюнча кеңири маалымтты бул шилтемеден алсаңыз болот – www.viaa.gov.lv/scholarships .

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Латвия өкмөтү 2016-жылы октябрь айында билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: