Menu

Биринчи революциянын демөөрчүсү чыкты, экинчиси да чыгабы?

Бөлүшүү:

Өлкөдө болгон эки революциянын демөөрчүлөрү тууралуу ар түркүн кептер айтылып келет. Биринчисин АКШ каржылаган десе, экинчи төңкөрүш Кремль тараптан колдоо болгондон соң, ишке ашкан деген сөздөр бар. Бирок, анык сөздү эч ким айта элек. Казакстандык олигарх, белгилүү банкир, Назарбаевдин бийлигине оппозиция болуп келген Мухтар Аблязов Францияда түрмөдө олтуруп чыккандан кийин биздеги революция тууралуу талаш нерсени ачыкка чыгарган сөздү айтты. Ал франциялык басылмага маек берип, 2005-жылдагы революцияны ишке ашыруу үчүн ошол учурдагы оппозицияга тыйын берип турганын айткан. Кыскасы Кыргызстандагы биринчи револю­циянын демөөрчүсү болгомун деген. Ошол революциянын анабашчылары азыр арабызда эле жүрөт. Алар Аблязовдун бул пикирине кандай жооп айта турганы да коомчулук үчүн кызык. Казак банкиринин билдирүүсү боюн­ча алгачкы революция сырттан келген каражат менен ишке ашыптыр. 2010-жылы болгон экинчи революция кимдин колдоосу менен ишке ашкан? Бул суроонун жообу да көптөрдү кызыктырат. Экинчи демөөрчү ким болгонуда көп күттүрбөй ачыкка чыкса керек.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: