Menu

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 9 адамдын абалы оор, анын ичинен 4 адам реанимацияда жатат

Бөлүшүү:

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 9 адамдын абалы оор, анын ичинен төрт киши реанимацияда жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бейтапканаларда 461 адам дарыланууда.

“Коронавирус жуктурган 9 адамдын абалы оор, анын ичинен төрт киши реанимацияда жатат. 83 адамдын абалы орточо оор, 369 бейтаптын абалы канааттандырарлык”.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27-майга карата коронавирус жуктурган 52 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1520ны түзөт. Алардын ичинен 1043 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: