Menu

Бишкек мэриясынын алдында бала бакча директоруна каршы митинг болууда

Бөлүшүү:

Бишкектин Биринчи май районунун №5 бала бакчасындагы балдардын ата-энелери директору Динара Мазымкановага каршы 14-январда митингге чыгышты. Ата-энелер директорго көптөгөн мыйзам бузуулар менен азык-түлүктүн уурдалганы боюнча айып коюшууда.

“Бишкек мэриясынын комиссиясы көптөгөн фактыларды аныктады: бала бакчада документтерде 43 азык-түлүктүн ордуна 18 азык-түлүктүн аталышы жазылган. Аларды муниципалитет сатып алып берет. Китепчеде 1,2 кг каймак жазылган, бирок мекемеден өткөн эмес. Акырын уурдашат экен”, – дейт укук коргоочу Анара Дауталиева. Ал шаар мэринен Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманованы кызматтан алууну талап кылууда.

“Ушул айым айыппул гана салган комиссиялдарды түзүп жатат, а чындыгында бала бакчанын директору кызматынан статья менен алынышы керек болчу, -дейт укук оргоочу айым – Мындай абал кадам сайын кездешет. Ошондуктан бизге мэр менен шаар депутаттары чыгышсын”.

Ал эми Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова комиссия өз ишин аягына чыгара электигин, акыркы чечим кабыл алына электигин айтууда. Ал эми бала бакчанын директору ооруп, жумушка чыга элек экен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: