Бүгүн, 25-сентябрда ӨКМдин Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын кызматкерлери жана Сокулук райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан аймактагы №7230, жана 7402 шайлоо тилкелеринин кызматкерлерине өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек алдыдагы боло турган шайлоого карата Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров баардык областтын жетекчилерине жана башкармалыктын тиешелүү кызматкерлерине койгон тапшырмасына ылайык, жер-жерлердеги шайлоо участкаларында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо, алдын алуу багытындагы иштерди күчөтүү зарылдыгын айткан.
Бүгүнкү күндө өлкө аймгындагы шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелерин сактоо багытындагы иштер байма-бай улантылып, ар бир участоктогу коммисия курамына өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ