Эртең, 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 10 саат бою “Манас” эпосун айтат. Маалыматты ал буга чейин өзү журналисттерге билдирген.
Маалыматка ылайык, бул иш-чара белгилүү Гиннесстин рекорддор китебине “Манас” эпосу жөнүндө уламыштарды түшүрүү максатында уюштурулуп жатат.
Бул иш-чара эртең мененки саат 9:00до башталат. Ошондой эле, 10 сааттан ашык тамак, суу ичпей жана дааратканага барбайт.
Дөөлөт Сыдыков кошумчалагандай, бул иш-чара алардын каада-салтын жана кыргыз элинин маданиятын эстеп калуунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу эскертет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ