Menu

“Өлбөс полк” акциясы онлайн форматта өтөт

Бөлүшүү:

2020 –жылы Кыргыз Республикасы дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен бирдей эле адамзаттын тарыхында эң ири масштабдагы кыйроолорду жана адамдардын өлүмүн алып кеткен Улуу Ата Мекендик Согуштун жеңишинин 75 жылдыгын белгилейт.
Улуу Ата Мекендик Согуш туура 1418 күн жана түнгө уланган. Бул апаат мурунку СССРдин ар бир жаранынын жана үй-бүлөсүнүн, анын ичинде кыргызстандыктардын жүрөгү аркылуу өткөн.
Бул оор жылдарда аскерлер, тылдагы күжүрмөндөр жана жөнөкөй эле жарандар дагы өзүнүн баатырдыгын көргөзүп, Улуу жеңишти жакындатууга аракет кылышкан.
Жеңиштин юбилейлик күнүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы биздин ата- бабаларыбыздын баатырылыгы жөнүндө эскерүүнү, элибиздин эсинде сактоого багытталган “Өлбос полк” акциясын улантып өткөрүү абдан маанилүү.
Бул жылы короновирус илдети жайылып жаткандыгына байланыштуу жарандардын саламаттыгын камсыздоо үчүн, “Өлбөс полк” акциясын онлайн форматта өткөрүү чечими кабыл алынды.
Андыктан бардык кыргызстандыктарды онлайн форматтагы жүрүшкө чыгып, биздин жоокерлерди жакындан көрүп, биздин эсибизде – алар чындыгында өлбөс экендигин тастыктайлы.
“Өлбөс полк” онлайн жүрүшү – уникалдуу долбоордуна катышуучусу болуу үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун www.pobeda.srs.kg электрондук порталындагы https://1945.srs.kg/ шилтемеси аркылуу катталуу керек.
Катышуучу болуу үчүн эмне кылуу керек?
Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусунун сүрөтүн алдын ала даярдап алыңыз;
Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусунун аты-жөнүн киргизиңиз;
Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу жөнүндө кыскача маалымат бериңиз;
Файлдарды жүктөңүз;

Нускама:
1. Электрондук түрдө Портал аркылуу жөнөтүлгөн кайрылуулар, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кароосуна келип түшөт;
2. Текстин көлөмү 4 миң белгиден ашпоосу зарыл;
3. Сүрөттүн өлчөмү 5 Мб ашпоосу керек. Жол берилүүчү форматы: 3х4 jpg, Башка форматтар иштеп чыгууга алынбайт.
Тексте эмнелерге жол берилбейт:
– Цензурага туура келбеген сөздөр, кемсинтүүчү туюндурмалар камтылса;
– ар кандай жек көрүүчүлүккө, укук бузууга үндөөлсө;
Жазуудагы каталар:
– орус тилиндеги тексти латын арибин колдонуу менен жазылса же толук түрдө баш тамгалар менен, сүйлөмдөргө ажыратылбай терилген болсо;
– толук эмес же анык эмес почта дареги көрсөтүлсө;
Маанилүү:
Кайрылуудагы авторлордун электрондук түрдө жөнөтүлгөн жеке маалыматтары купуя болот жана жеке маалыматтар жөнүндө мыйзам ченемдеринин талаптары менен иштелип чыгарылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: