Улуу Британиянын 80 жаштагы тургуну 35 жаштагы сүйгөнүнө турмушка чыгып, аны менен бүткүл өлкө боюнча кумарлуу секс жөнүндө мактанган. Анын окуясын “Daily Mail” басылмасы айтып берди.
Англиянын Соммерсет графтыгынан Айрис Джонс Египеттен келген сүйүктүүсү Мохаммед Ахмед Ибрихам менен “This Morning” телекөрсөтүүсүнө келгенде, бүткүл өлкөгө белгилүү болду. Алар 2019-жылы Фейсбукта таанышып, кат алышуу романтикасын баштаган, андан кийин британиялык аял Каирдеги жигитине учуп кеткен. Эфирде сүйүшкөндөр кыялданган мамиледе болгонун айтып, сексуалдык жашоосунун деталдарын ачып беришти. Көрсөтүүнүн чыгышы хитке айланды.
Эми түгөйлөрдүн нике келишимине Египетте кол койгону белгилүү болду. Британиялык аял сүйүктүүсү үчүн исламды кабыл алган. Күйөөсү алардын никеси сүйүү үчүн гана болгон деп ырастоодо.
«Мен анын жарандыгын же акчасын каалабайм. Мен өз жашоомо бактылуумун, иштеп жатам жана Аллахка чексиз шүгүр, менин өзүмдүн аманатым бар», – деди Ибрихам.
Ал кошумчалагандай, сүйүү сокур, бирок анын тандаган адамы энесинен 20 жаш улуу болсо дагы, ал үчүн анын улуу экенинин мааниси жок.
Джонс айым Каирге учуп келгенге чейин, египеттик жигит ширетүү боюнча инспектор болуп иштеген. Ал сүйүктүүсү менен көбүрөөк убакыт өткөрүү үчүн жумушун таштады. Ал үч бөлмөлүү үйдө эки карындашы жана иниси менен жашайт. Анын аялынын верандасы бар үйү бар, ошондой эле ал жума сайын майыптыгы үчүн 200 фунт стерлинг жөлөк пул алат. Джонс айым мурун турмушка чыгып, бирок 40 жыл мурун ажырашкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ