Административдик жоопкерчилик боюнча кодекстин бир нече статьялары өзгөрүлөт. Ага ылайык, бейбаштык, коомдук жайларда алкоголдук ичимдиктерди ичүү жана мас абалында жүргөндөр үчүн жаза катаалдаштырылат.
Маселен, жашы жете электер тарабынан мыйзам бузуу катталса, анын ата-энеси 2 миңден 3 миңге чейин айып пул төлөйт (азыр айып пулдун өлчөмү – 100дөн 200 сомго чейин). Ошондой эле өспүрүмдөрдү антисоциалдык жүрүм-турумга түрткөндөргө жазаны катаалдаштыруу каралууда. Мындай учурда айып пулдун көлөмү азыркыдай 1000-2000 сом эмес, 5000-10000 сомго чейин жогоруламакчы.
Мыйзам долбоорунда 18 жашка толо электердин алкоголдук ичимдиктерди ичүүсүнө же акыл-эсти маң кылуучу заттарды колдонуусуна өзгөчө көңүл бурулган.
Талкуу учурунда эл өкүлдөрү мыйзам долбоорунун аткарылышына өзгөчө көңүл бөлүштү. Депутат Акылбек Жапаров бул нормаларды аткаруу үчүн укук коргоо органдарына кошумча жүк жүктөлөрүн белгиледи.
Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ