Menu

Мирзиёевдин буйругу менен үч аким элден кечирим сурады

Бөлүшүү:

Кашкадарыя, Фергана жана Хорезм облусунун акимдери президент Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен жергиликтүү жашоочулардын жана ишкерлердин турак-жайларын түрттүрүү учурунда кетирген кемчиликтери үчүн коомчулуктан кечирим сурашты.

Үч аткаминердин кайрылуусу социалдык түйүндөр аркылуу жайылтылды.

Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев Риштан районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда бул аймактагы үйлөрдү түрттүрүү ката болгонун айтып, элден кечирим сурады.

Ал мыйзамсыз түрттүрүү ишине катышы бар Риштан районундагы 14 жетекчи жумуштан четтетилгенин кошумчалады.

Кашкадарыя облусунун акими Зафар Рузиев да чоң ката кетиргенин мойнуна алды:

– Яккабаг районундагы абалга жүз пайыз облус жана район администрациясы күнөөлүү. Өкмөттөн, мамлекеттен, кадырлуу калктан, урматтуу блогерлерден, журналисттерден, жабыр таркан ишкерлерден жүз жолу, миң жолу кечирим сурайм. Эгер бизге экинчи мүмкүнчүлүк берилсе, мурдагы саясаттан толугу менен баш тартабыз. Биз ар бир жашоочу менен өз-өзүнчө иштейбиз, керек болсо жекече түрдө ар бирине тиешелүү жардам беребиз.

Хорезм облусунун башчысы Фарход Эрманов да элден кечирим сурап, мындан ары бардык чечимди калк менен макулдашууга убада берди.
Бул арада социалдык түйүндөрдүн өзбек сегментинде блогерлер мыйзамсыз турак-жайларды түрттүрүү жана мажбурлап иштетүү үчүн башка облустардын жетекилеринин да кечирим суроосун талап кылышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: