Menu

2023-жылга чейин Кыргызстанда Сот системасын реформалоо аяктайт

Бөлүшүү:

2040-жылга чейинки Кыргызстанды өнүктүрүү Улуттук стратегиясын реализациялоонун биринчи этабында Сот системасын реформалоо аяктайт. Бул тууралуу донордук уюмдардын өкүлдөрү жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жолугушууда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Президент “Сот системасын реформалоо- Кыргыз Республикасынын башкы маселелеринин бири”-деп белгиледи.

“2023-жылга чейинки жакынкы убакытта биз адилеттүү сот системасын орнотобуз. Бул жарандардын келечекке болгон ишениминин, саясий туруктуулуктун, экономиканын өнүгүүсүнүн жана жеке мүлккө кол тийбестиктин кепилдиги.  Соттордун таза иштөөсүн камсыздоочу реформаларды толугу менен ишке ашырабыз. Мыйзам чыгаруудагы өзгөртүүлөрдөн сырткары соттук отурумдардын онлайн берүүсүн дагы реализациялайбыз”-деп баса белгиледи өлкө башчы.

Сооронбай Жээнбеков мыйзам чыгаруу базасындагы өзгөрүүлөр тууралуу сөз кылды. “Биз кылмыштардын жана жазалардын автоматташкан реестрин, пробация институтун түзүшүбүз керек”-деп кошумчалады ал.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: