Menu

Данияр Тербишалиев, элдик кошуундун төрагасы: “Бюджетте акча жок, элди ойлобой кресло талашкандары өкүнүчтүү”

Бөлүшүү:

– Данияр мырза, бул жолку революциядан кийин да элдин эң корккону талап-тоноочулук эле. Жакшы иш алып барган, коопсуздукту камсыздаган жаштар тууралуу пикириңди уксак?

– Элдик кошуун милиция кызматкерлери менен чогуу 2005-жылы, кийин 2010-жылы стабилдүүлүккө чоң салымдарын кошуп келе жатышат. Бирок, тилекке каршы, кээ бир милиция кызматкерлери жок болуп кеткен учурларда өзгөчө коопсуздук тартипти эддик кошуун жоопкерчиликти өз мойнуна алып, борбор калааны эле эмес мамлекеттин баардыгын көзөмөлгө алып, жакшы иштерин алып барып жатышат. Элдик кошуундун максаты -элдин, жарандардын коопсуздугун, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо. Элдик кошуундар саясатка аралашпайт. Саясаттан алыс, эч кандай саясый топторго, күчтөргө кошулбайт. Жалгыз эле коопсуздукту, тартипти сактоого укук талаасында иш алып барып жатат.

– Оор түндөрдө кандай коркунучтарды жолуктурдуңар?

– Коркунучтар болду. 2-3 миңге жакын мас балдар тартипти бузуп, талап-тоноочулукка барууга аракеттенип жүрүштү. Биз ошолорго бөгөт коюп, тоскоол болуп, өз ишибизди мыйзам чегинде алып барганга аракет кылдык. Аларды токтоттук да. Жалпы эле жарандарыбызга ыраазычылык билдиргим келет. Аң-сезимдер жогорку деңгээлге жетти деп айтсак болот.

– Бийликсиз эл жакшы иш жүргүздү…

– Бийлиги жок эле жаштар өздөрү уюшуп, өздөрү тартипти сактаганга, мыйзам талаасында иш алып барганга даяр болуп калышты. Ошол эле Американы алсак, ал жерде митинг уюшулган сайын дүкөндөрдү талап-тоноп, машинелерди күйгүзүп жатышат. Ошолорго салыштырмалуу биздики тынч өттү. Бийлик алмашканы менен элдер, жарандар жарандык позициясын аткарып туруп берди. Ошону биз баалай жүрүшүбүз керек.

– Акыркы абал, саясый келишпөөчүлүктөр, люстрация кабыл алуу боюнча кандай пикирдесиң?

– Пандемиянын дагы экинчи толкун деген коркунучу турат… Бөлүнүп-жарылбай, бириккендин ордуна жалпы элдин келечегине балта чаап жатышат. Тышкы карыздар коколоп калды. Бюджетгин таңкыстыгы да абдан чоң. Азыр ошонун баарын ким чечип, ким ойлонот? Кыш келатат. Бюджетте акча жок. Пенсия, айлыктарды ким төлөйт? Элди ойлобой эле кресло талашып отурушканы өкүнүчтүү.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: