Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-октябрда, иш сапары менен Токио шаарына (Япония) келди. Сооронбай Жээнбеков Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле иш сапардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.
Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз менен жолугушуулары болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ