Menu

Эл ойлобос эрендер, эл деп жүрүк дегендер

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Түркия Республикасына расмий сапары менен Изник шаарында жүрүшөт. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кыргызстандан барган делегацияны шаардын мэри Каган Мехмет Уста жана аймактык жетекчилер тосуп алган. Бир катар тарыхый жайларды кыдырып чыгышты. Бул расмий сапарда Кыргызстан үчүн кандай маанилүү иш чараларды уюштуруп, өлкө үчүн кандай иштерди бүтүрүп келишээри маалымдалган деле эмес. Эки тараптуу эски алакалар тууралуу эле сөз болуп, Түркия сапары алардын эс алуу учурундагыдай эле кооз аймактарды кыдырып жаткандыгы эле белгиленбесе, башка иш чараларды учуратууга болбойт. Ушул тапта Жогорку Кеңеш өзүлөрүнүн тийиштүү эс алуу өргүүсүнө чыгышканы маалым. Бул айда депутаттар аймактагы өз шайлоочулары менен жолугуп ар кыл багыттагы маселелерди жеринен таанышып, аларды чечүү жана жолго салуу боюнча иш жүргүзүшү керек болчу. Парламенттик делегациянын курамында депутаттар Алмазбек Акматов, Искандер Гайпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Талант Мамытов бар. Бул депутаттар ЖКда “бийликчил” же “буйрукту аткаруучу” депутаттар катары белгилүү. Айрымдары кнопка баскыч “уйкучу” депутат экенинен да кабарыбыз бар. Келээриңерде эмне артынып келээр экенсиңер? Же жакшы эс алып келгениңерди айтып бүтө албас бекенсиңер? Анталия аралаганча, аймактарды араласаңар алда канча элге, жерге эмгек өтөгөн болбойт белеңер.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: