КРнын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү тармагында мугалимдердин айлыгын эсептеген автоматташтырылган системаны даярдап жаткан учуру. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Электрондук системанын кириши менен “жел козу” мугалимдерге айлык төлөнгөн практиканы жоюп, бүджет каражаттарын максаттуу пайдаланууга өбөлгө болот экен.
“Эсеп палатасы, прокуратура, Экономикалык кылмышка каршы башкармалык билим берүү тармактарын текшергенде, жок кишилерге айлык акы коюп, фонд каражаттарын максатсыз пайдаланган фактылар чыккан. Бул билим берүү кызматкерлеринин айлык акысын эсептөөдө бирегей мамиле болбогондон улам ушундай болуп келген”, – деп айтылат маалыматта.
Азыр борборлоштурулган бухгалтерия айлык акынын эсебин кагаз түрүндө алат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ