Menu

Түркия Орусиядан С-400 зениттик-ракеталык комплекстерди сатып алды

Бөлүшүү:

25-июлда Москва менен Анкара Түркияга С-400 зениттик-ракеталык системаларды жеткирүү боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

“Макулдашууга кол коюлду. Кудай кааласа биз өлкөбүздө С-400 рекаталарын көрөбүз жана биргелешкен өндүрүштү баштайбыз”, – деди түрк президент парламент депутаттарына кайрылып.

Июлдун ортосунда Bloomberg агенттиги келишимдин баасы 2,5 млрд. долларды түзө турганын билдирген. Орусиянын Аскердик-техникалык кызматташуу боюнча федералдык кызматынын башчысы Дмитрий Шугаев өткөн аптада Москва менен Анкара чынында эле С-400 ракеталарын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөндүгүн ырастаган.

Пентагон эгер Түркияда орусиялык С-400 комплекстери орнотулса, түрк аскерлеринде техникалык мүнөздөгү көйгөлөр жаралышы мүмкүндүгүн эскерткен. АКШнын коргоо министри Жим Мэттис болсо НАТОнун системалары эч качан орусиялык техникалар менен шайкеш келбей турганын билдирген.

Буга жооп катары Эрдоган НАТОго мүчө болгон Греция деле көптөн бери орусиялык С-300 зениттик-ракеталык комплекстерди колдонуп келатканын, бирок алардын аскерлеринде шайкештик боюнча эч кандай көйгөйлөр болбогонун айткан.

Ракеталык системалар стратегиялык жана тактикалык авиациянын учактарын жана баллистикалык ракеталар өңдүү башка аба куралдарын атып түшүрүүгө жөндөмдүү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: