Menu

Дүйшөмбүдө «I love Dushanbe» инсталляциясы пайда болду

Бөлүшүү:

Тажикстан борборунда жаңы туристтик жай — «I love Dushanbe» деп аталган инсталляция тургузулуп, ачылышы 24-июль кечинде болду.

Ал шаардагы соода борборлордун биринин алдына орнотулду. Скульптуралык кызыл жүрөктөн жана көлөмдүү ак түстөгү тамгалардан турган инсталлияциянын бийиктиги 2 метрди, узундугу 16 метрди түзөт.

Бул жай туристтер менен жергиликтүү тургундардын арасында өзгөчө популярдуулукка ээ болот деп күтүлүүдө.

Маалыматка караганда, инсталляция президент тарабынан жарыяланган Жаштар жылынын урматына тургузулуп, жаштарга арналган. Долбоорду «Катари Диар-Тажикстан» компаниясы өз эсебинен каржылаган.

«Биздин долбоор борбордун бир бөлүгү болуп эсептелет жана биз сүйүктүү шаарыбызды мындан да көрктүү, заманбап кылууга аракет кылабыз. Мындай инсталляциялар дүйнөнүн көптөгөн шаарларында бар, бизде жок болчу. Ошондуктан биз шаарыбызга сүйүүбүздү билдиргибиз келди. Бул инсталляция Дүйшөмбүдөгү сүрөткө түшүү жана селфи кылуу үчүн эң популярдуу жайга айланып, шаардын визиттик картасы болуп калат деп ишенебиз», – деп билдиришти компаниянын өкүлдөрү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: