Menu

Бишкекте Европа кинолорунун фестивалы башталат

Бөлүшүү:

Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү ЕС өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте уюштуруп жаткан Европа киносунун 2016- жылдагы фестивалы 20-апрелден 24-апрелге чейин өз эшигин Ала Тоо кинотеатрында ачат. Көрүүчүлөрдүн калым катмарына Европа союзунамүчө төмөнкү өлкөлөрдүн эң мыкты деген 18 кинофильмдери көрсөтүлөт: Австрия, Болгария, Великобритания, Венгрия, Германия, Испания, Италия, Кипр, Латвия, Нидерланды, Польша, Португалия, Словакия, Словения, Франция, Чехия, Швеция жана Эстония.
Фестивальдагы фильмдердин арасында көптөгөн эл аралык кинофорумдарда жеңүүчү болгон картиналар дагы бар.
Европа кинофестивалы – бул, ЕС менен Кыргызстандын ортосундагы байланышты чындоону көздөгөн иш-чара жана көп түрдүү жанрдагы фильмдер көрсөтүлгөнү турат.
Фестивалды Эстония менен Грузия биргелешип жараткан, 2015-жылы чет тилдеги эң мыкты фильм катары “Алтын глобус” жана “Оскар” сыйлыктарына көрсөтүлгөн “Мандарины” аскердик драмасы ачат.
Ошондой эле, граф Дьерд Алмаштын Азиядагы – Кыргызстандагы саякаты тууралуу документалдык фильмин баса белгилей кетүү керек. Венгер режисеру Давид Шомфаи Каранын бул эмгеги Кыргызстандагы жүз жыл мурдагы социалдык, маданий жана саясий өзгөрүүлөр тууралуу баяндайт.
Мындан тышкары 2016-жылда Оскардын жана башка эл аралык сыйлыктардын лауреаты – ырчы Эми Уайнхаустун жашоосу жана өлүмү тууралуу Улуу Британиянын “Эми” документалдык фильми, жана жашоо менен реалдуулук биз каалагандай эместигин көрсөткөн “Кытай башкатырмасы” аттуу Француз комедиясы көрүүчүлөрдү көңүл кош калтырбайт.
Салтанаттуу ачылышка Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, министрликтеринин, Жогорку Кеңештин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, кинематографиянын, маданият менен билим берүүнү ишмерлери чакырылды.
Кинолорду көрсөтүү расписаниеси Евробиримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн Фейсбук баракчасынан: https://www.facebook.com/eudelkg жана Синематика кинотеатрлар тармагынын сайтынан: http://cinematica.kg/ тааныша аласыздар.
Фестивалдагы кинолор нукура өз тилинде көрсөтүлүп, орусча субтитрлер менен коштолот.
Кирүү акысыз.
Европа киносу 2016

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: