Menu

Казак укук коргоочусу кайрадан психиатриалык экспертизага кабылды

Бөлүшүү:

Диний кастыкты козутууга айыпталып жаткан Чыгыш-Казакстан облусундагы 64 жаштагы укук коргоочу Александр Харламовго психиатриалык экспертиза дайындалды.

Харламов психиатриалык экспертиза жүргүзүү боюнча чыккан токтом менен таанышпаганын айтып, мыйзам бузууларга жол берилгенин билдирүүдө. Экспертизанын алдын ала жыйынтыктары бир нече жумадан кийин чыгат.

Шаардык ички иштер бөлүмү процессуалдык тартип бузуулар болбогонун, укук коргоочу психиатриалык экспертизадан өтүү зарылдыгы тууралуу билгенин жана мажбурланбаганын маалымдоодо.

2-февралда Харламовдун батиринде тинтүү жүрүп, “Өтө гениалдуу китеп” аттуу китепчелеринин калган нускалары алынган. Укук коргоочу Александр Харламовго былтыр ноябрда бул басылмасы боюнча кылмыш иши козголгон. Психологиялык-филологиялык экспертизанын жыйынтыгында китепчеде башка диндер тууралуу терс пикирлер жазылган деген бүтүм чыккан.

Харламов болсо бул шылтоо экенин, полиция кысымына кабылган жергиликтүү ишкердин укугун коргогондугу үчүн өч алуу болуп жатканын билдирүүдө.

Александр Харламов 2013-жылы дагы “болочоктогу” китебинин айрым бөлүктөрүн интернетке жайгаштырганы үчүн диний кастыкты козутууга айыпталган. Кылмыш ишинин алкагында тергөө абагында жарым жылдай отуруп, эки сапар күч менен психиатриалык экспертизадан өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: