31-октябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда ЖЭБ боюнча С.Исаковго, Ж.Сатыбалдиевге, О.Лавровага, О.Артыкбаевге, А.Калиевге С.Авазовго, Ж.Назаровго, Т.Бримкуловго карата кылмыш ишин кароо уланды.
Сот Сапар Исаковду сурап жатат. Бишкек ЖЭБи боюнча TBEA компаниясын тартуу алгач качан талкууланганын О.Артыкбаевдин жактоочусу Асел Рысбаева сурады. С.Исаков эң алгач вице-премьер Таирбек Сарпашев Кытайга 2013-жылдын 30-январынан 4-февралына чейин расмий барганда талкууланганын айтты.
“Сарпашев сиз менен жолугушууну макулдашты беле?” – деп сурады жактоочу айым.
“Эсимде жок. Маанилүү маселелер өлкө башчысы менен макулдашууну талап кылат, кат түрүндө макулдашылган”, – деп жооп узатты.
Жактоочу эмнеге “Электр станциялары” TBEA менен болчу долбоорду макулдашуу үчүн каттын көчүрмөсүн көрсөтөт, таанышуу үчүнбү же көзөмөлгө алуу үчүнбү деген суроосун берди.
С.Исаков каттарды окуп, “ал жерде “Электр станциялар” бир эле учурда “ИнтерРао” менен да сүйлөшүп жатканын айтып жатат”, – деди.
“Анда эмнеге “Электр станциялары” 3 жолу кат аркылуу TBEA боюнча сизге гана кайрылып жатышат? TBEA кытай компаниясын тандоодо шашылыш чара көрүүнү суранышкан” – деп сурады жактоочу айым.
Сапар Исаков болсо, андай каттар бардык министрликтерден өткөнүн, аны кайра иштеп чыгуу үчүн жооптууу кызматкерге берилерин айтып, жеке кызыкчылыгы болсо, андай каттар жазылбастыгын айтты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ