Menu

Венера Сагындык кызы: «Азаттык» Прагадагы элчиликтей эле

Бөлүшүү:

Өлкөдөгү демократияны, сөз эркиндигин жана жарандык коомду өнүктүрүүдө “Азаттык” радиосунун салымы ат көтөргүс экени талашсыз. Кандай гана саясий режим болбосун чындыкты айткандан тайманбай келет. Баш кеңсеси Чехиянын Прага шаарында жайгашкан “Эркин Европа – Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Сагындык кызын кепке тартып, үнүн радиодон гана угуп жүргөн мекендештерибиз тууралуу сурадык.

-Прагада иштеп жатканыңызга канча болду? Ал жакта канча киши иштейт?

-Прагада иштеп жатканыма 15 жылдан ашып калды. 2001-жылга чейин Бишкекте кыргыз, орус тилдеринде эркин кабарчы болуп иштедим. Ал учурда интернет жок болчу. Күн сайын таң атпай Ак үйгө, парламентке барып, саясатты талдап турчубуз. Бишкектеги иш менен бул жактын айырмасы чоң. Прагадагы кеңседе 21 кызмат 28 тилде маалымат таратат. Биздин кыргыз кызматта 9 адам иштейт. Күн сайын эртең менен жыйын куруп, ТВ, радио, сайттагы темаларды аныктайбыз. Көп жылдар радиого гана чыгып жүрсөк, азыр ТВ, интернет кошулуп, үч платформага материалдарды даярдайбыз. Биз эң башкысы, дүйнөдө эмне болуп жатканы жана алардын Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга таасирин элге жөнөкөй, жатык тилде жеткирүү аркетиндебиз.

-Биз билгенден кабарчыларыңардын курамы бир топ өзгөргөндөй. Үнү угармандардын кулагына сиңип калган Жаңыл Жусупжан, Төрөкул Дооров сыяктуу кабарчылар кайда кетишти?

-Прагадагы кеңсебизде көп жылдар туруктуу курам иштеди. Кийинки жылдары кадр алмашуу жагы ийкемдүү болуп калды. Азыр Бишкектеги кабарчылар 3 айга же бир жылга келип иштеп жатышат. Курамыбыз кыйла жашарды десем болот. Көп жылдан бери иштеген кабарчыбыз Төрөкул Дооров “Азаттыктын” казак кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Ал эми 23 жыл иштеген Жаңыл Жусупжан эркин чыгармачылыкка кетти. Учурда даректүү тасмаларды тартуу менен алек. Кээде барган жерлеринен материалдарды даярдап турат. Андан сырткары, Амирбек Азам уулу дагы эркин чыгармачылыкка кетти. Бирок апта сайын илим, техника жаңылыктарын, тарыхый окуялар тагдырына таасир эткен инсандар тууралуу берүүлөр даярдап турат. Улан Эшматов, Айнура Асанкожоева, Гүлайым Ашакеева өз ордуларында иштеп жатышат. Бишкекте көп жыл иштеген кабарчыбыз Айданбек Акмат уулу да бул жакта. “Азаттык+” ТВ-программасынын мурдагы алып баруучулары Али Токтакунов менен Элиза Кененбаева да Прагада иштеп, теле жаңылыктарды, “Биз жана дүйнө” берүүлөрүн даярдап жатышат. Жакында эле мурда иштеп кеткен Кубат Касымбеков ББСден келип, кайра бизде иштеп жатат.

14964018_1179433298804129_838942287_o

 

-15 жылда чех коомуна камыр-жумур болуп кете алдыңызбы? 

-Бишкекте жөө кабарчы болуп иштеген мага абдан жакчу. Ысык-Көлгө эс алганы барсам деле эл менен аралашып кызыктуу темаларды чагылдыра келчүмүн. Кыргызчасын “Азаттыкка”, орусчасын Британиянын Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтуна берчүмүн. Бул жакка келгени англис тилинде макалаларды жаза баштадым. Кыргызстан, Борбор Азия боюнча бир катар материалдарды жаздым. Негизи мен мигрант болгонду жактырбайм. Мекенине болгон кусалык менен жашаган Владимир Набоковдун чыгармаларын көп окудум. Ал кишинин синдромдору менде да бар. Мен чех коомуна аралашып, сүңгүп кетериме ишенбейм, антип элестете да албайм. Мен ордумду баары бир Кыргызстандан көрөм. Мигрант деген статус негизи эле жакпайт.

-Анда чехтер менен кыргыздардын кандай айырмачылыктарын байкай алдыңыз? Кайсы жагынан үлгү алсак болчудай?

-Чехияда көп эле нерселер таптакыр башкача. Кыргызстанда жашоо өтө эле социалдашкан. Жеке адамдын жашоосу, анын жеке кызыкчылыктары унутта эле калат. Мен өзүм Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайда пианинодон сабак алып, 11 жыл окудум. Андан кийин 1,5 жыл консерваторияда билим алдым. Кээде үйдө отуруп алып эле пианинодо ойногум келчү, бирок ошого деле убакыт табылчу эмес. Анткени үй-бүлөлүү болгон соң туугандардан, дос-катыштан эле бошобойсуң. Эгер катышпай койсоң, элден чыгып каласың. Бизде социалдык байланыштар өтө татаал. Чехияда болсо тескерисинче. Бул жакта жеке адамдын кызыкчылыктары баарынан жогору турат. Бош убактыларын өздөрүнө гана арнашат. Йогага, спортко, интеллектуалдык өнүгүүгө же саякатка көбүрөөк маани беришет. Анан үй-бүлөнү абдан кеч курушат. Менимче бул өтө жакшы эмес. Анткени азыр кыз-жигиттери 30дан ашып, 40тын тегерегинде турмуш куруп атышат. Чехияда көп жыл жашап, кайра Кыргызстанга барган жердештерибиз да айтып калышат. Кыргыздын жамандык-жакшылыктагы эле алыш-катышы жүдөтүп коет деп. Бирок бир жагынан кыргыз коому деле өнүгүп, өзгөрүп жатат. Менимче азыркы жаштар башкача көз карашта болсо керек. Бир сөз менен айтканда, Кыргызстанда жеке адамдын өнүгүүсүнө шарттар аз. Журналист, догдур, мугалим, же депутаты болобу, китеп окуп өз кесиби боюнча билимин тереңдеткенге, театр-киного барганга, спортко убактысы жок, убакыттын көбү той-аш жана башка катыштарга сарпталат. Чехтер менен кыргыздарды аралаштырып койсо, балким ортодон балансташкан жашоо-турмуш келип чыкмак (күлөт).

14996504_1179443225469803_2124522908_n

 

-Үй-бүлө деп калдыңыз. Өзүңүздүн балдарыңыз жөнүндө айта кетсеңиз. Чоңоюп калышса керек…

-Мен турмушка эрте чыккам. Балдарым өзүм менен тең чоңойду. Бирок убакытты артка кайтарсак, турмушка эрте чыкмак эмесмин. Жаштарга убагы келгенде, жашоого даяр болуп анан турмуш кургула демекчимин. Уулум Эрмек окууну Прагада бүтүрүп, азыр Бишкекте эл аралык компанияда иштеп жатат. Кызым Эркайым Англияда университетти бүтүрүп, Лондондо эки жылдан бери ири каржылык мекемеде иштеп келет. Экөө тең чыграмачылыкка жакын. Жолдошум Пит Баумгартнер “Азаттыктын” башкы жаңылыктар бөлүмүндө иштейт. Борбор Азияны жакшы билет, чөлкөмдөгү, Кыргызстандагы саясатчылардын баарын тааныйт. Андыктан сүйлөшө турган темаларыбыз көп.

-Чехияда кыргыздар көппү? Кеңсеңерге келип турушабы?

-“Биз — Кыргызстандын Чехиядагы элчилигибиз” деп тамашалап калабыз. Кыргызстандан келгендердин көбү бизге кайрылышат, кеңсебизге келип конок болуп кетишет. Кеңешибизди, жардамыбызды аябайбыз. Бул жакта ашып кетсе, туруктуу жашаган 200-300дөй гана кыргызстандык бар. Анткени бул жакка узак мөөнөттүү виза алуу абдан оор. Майрамдарда жолугуп турабыз. “Кыргыз клуб” деген уюмубуз бар, кээде маданий иш-чаралар өтүп турат. Мен билгенден соңку 15 жыл ичинде Кыргызстандан 50-60 чакты студент келди. Ошолордон ашып кетсе 5-6сы эле окуусун бүтүрүп дипломун алышты. Анткени Чехиянын мамлекеттик окуу жайлары акысыз билим берет, дипломдору барктуу, дүйнөдө таанылат, ошого жараша окуусу абдан татаал, чех тилинде түш жоруп калышың керек, экзамен-зачетторду сатып алалбайсың.

“Мен чех коомуна аралашып, сүңгүп кетериме ишенбейм. Ордумду баары бир Кыргызстандан көрөм. Мигрант деген статус негизи эле жакпайт”

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: